Бүгүн, 26-августта Казакстандын көкпар командасынын аттары Кыргызстанга аман-эсен жетти. Жалпысынан 26 ат алып келингенин уюштуруучулар билдирди.
Маалым болгондой, аттардын даярдыгы талаптагыдай.
Эскерте кетсек, Казакстандын көкбөрү жана көкпар боюнча курамалары мелдешке даярдык көрүү үчүн Кыргызстанга 21-августта келип, учурда Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Көчмөндөр оюндарында бул эки багыт боюнча Кыргызстан менен Казакстан башкы фавориттердин бири.