Бүгүн, 27-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдык иштерин текшерди.
Мэрия билдиргендей, калаа башчысы "Манас" аэропортунан расмий делегациялар өтө турган маршруттагы жолдорду жана объекттерди кыдырып чыкты. Анын ичинде Манас көчөсүндөгү жол түйүнү, "Аска-Таш" мемориалдык комплекси жана көпүрө өткөөлдөрү текшерилди.
Негизги реконструкция иштери аяктап, учурда аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Жооптуу кызматтарга иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырылды.