Биз социалдык тармакта

Асан Жанышов Польшада алтын медаль утту (видео)

Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Варшавада өткөн Владислав Пытлясинскийдин элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде 87 килограмм салмакта күч сынашып, алтын медаль утту.

Жанышов мелдеште төрт беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетти. Ал финалда армениялык Геворг Тадевосянды 6:0 эсебинде утуп, биринчиликти алды.

Ал биринчи беттешинде кыргызстандык Азат Салидиновду 4:0, экинчи беттешинде венгриялык Тамаш Леваини 5:2, жарым финалда украиналык Ярослав Фильчаковду 4:1 эсебинде жеңди.

Эскерте кетсек, Польшадагы мелдеш 30-августка чейин уланат. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын атынан 9 грек-рим күрөшчүсү, кыз-келиндер күрөшү боюнча 4 балбан кыз кеткен.

Асан Жанышов Польшада алтын утту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан