Биз социалдык тармакта

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мелдештеринин графиги жарыяланды (сүрөттөр)

Кечээ, 26-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий баракчасы социалдык тармакка мелдештердин программасы тууралуу маалымат жарыялады.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин өтө турган оюндардын спорттук аянтчаларында ат оюндары, күрөш, жаа атуу, күч сынашуулар жана интеллектуалдык оюндар уюштурулат.

Программага дүйнө жүзүнө белгилүү улуттук спорттун түрлөрү менен катар сейрек кездешүүчү оюндар да киргизилген.

Мелдештер Кыргызстандын ар түрдүү аянтчаларында күн сайын өткөрүлөт. Уюштуруучулар көрүүчүлөргө мелдештердин графигин алдын ала карап, түз эфирден көргүсү келген оюндарды тандап алууну сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан