
Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт.
Айтыш 2-4-сентябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат.
Маданият министрлиги 26-августта кабарлагандай, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек жана Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт.