VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында алыш бел боо күрөшү боюнча мелдештер өтөт.
Беттештер 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде саат 09:00дөн 18:00гө чейин уюштурулат.
Мелдешке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышат. Алыш күйөрмандары үчүн иш-чарага кирүү акысыз.