Биз социалдык тармакта

Токмокто жигит айдоочулук күбөлүк алуу сынагында гаджеттерди колдонуп кармалды (видео)

Чүй облусунун Токмок шаарында жаран айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык сынак тапшырып жатып, гаджеттердин жардамы менен алдамчылык кылууга аракет кылган. Бул тууралуу кечээ, 26-августта "Унаа" мамлекеттик мекемеси билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда анын жанынан эки телефон, акылдуу саат, микрофон жана кулакчындар табылган. Тийиштүү жабдуулар алынгандан кийин милицияга өткөрүлүп берилди.

Мекеме айдоочулукка талапкерлерди экзамен учурунда белгиленген тартипти сактап, сынакты өз билимине таянуу менен тапшырууга чакырат.

Токмокто жигит айдоочулук күбөлүк алуу сынагында гаджеттерди колдонуп кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан