Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев сейил бактарда жана скверлерде иттерди сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу тапшырмасын койду.
Калаа бийлиги тараткан маалыматка караганда, уюштурулган жайларга иттерди сейилдетүү эрежелери жазылган маалыматтык тактайчалар орнотулмакчы. Мэр ит баккан шаар тургундары көп экенин белгилеп, аларга шарт түзүп берүү керектигин айткан.