Интернет желесинде күрөк, таяк көтөргөн топ балдар 2 өспүрүмдү сабап кетишкени тартылган видео тарап жатат.
Маалыматтарга караганда, окуя Бишкекте эмерек кампаларынын биринде болгон. Ал жакта токмоктолгон баланын атасы да болгону айтылууда. Азырынча окуя так тактала элек. Милиция бул факт боюнча билдирүү жасай элек.