Биз социалдык тармакта

Конокко барган... Ошто 6-кабаттан 20 жаштагы кыз боюн таштады

Ош шаарындагы көп кабаттуу батирлердин биринин алтынчы кабатынан кулаган 20 жаштагы кыз каза тапты. Маалыматты калаа милициясы тастыктады.

Белгиленгендей, окуя бүгүн, 27-августта болгон. Кыз ал жакка туугандарыныкына конокко барган. Ал туугандарына бирөөлөргө болгон таарынычы тууралуу айтып берген. Андан соң бирге отурушкан кыздар өз иштери менен алек болуп калганда күтүүсүздөн терезеден боюн таштап жиберген.

Кыз "Тез жардам" кызматы менен шаардык ооруканага жеткирилген. Бирок алган жаракатынан улам аталган ооруканада каза болгон. Аталган факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяга күбө болгон жарандар суракка алынган. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан