Биз социалдык тармакта

Оштун милициясы Айтурган Эрмекованын кайрылуусунан кийин териштирүүнү баштады

Бүгүн, 27-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмү ырчы Айтурган Эрмекованын Instagram баракчасындагы коркутуулар тууралуу кайрылуусунан кийин, териштирүүнү баштады.

Милициянын маалыматына караганда, буга чейин Эрмековага, анын күйөөсүнө же жакындарына карата коркутуу боюнча милицияга эч кандай арыз-даттануу түшкөн эмес.

Учурда социалдык тармактардагы кайрылуулары каттоого алынып, тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, ырчы айымдын жолдошу 22-августта каза болгон. Ал жолдошунун акыркы жолу тарткан видеосун социалдык баракчасынан бөлүшүп, анын өз жанын кыюуга жеткирген адамдарды соттотууга аракет кыларын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан