Бүгүн, 27-августта президент Садыр Жапаров "Түндүк" ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, "Түндүк" ААКсы жоюлуп, анын функциялары, милдеттери, финансылык жана материалдык ресурстары президенттин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине өткөрүлөт.
Бул чечим мамлекеттик санариптештирүү тармагындагы кайталанган функцияларды жоюп, иштерди бир түзүмгө бириктирүү жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынган.
Ошол эле учурда жарандар үчүн маанилүү нерсе "Түндүк" платформасы жана мобилдик тиркемеси ишин улантат. Электрондук кызматтар толук көлөмдө көрсөтүлө берет.
Ошондой эле "Түндүк" ААКсынын кызматкерлерин мыйзам талаптарына ылайык "Кызмат" мекемесине ишке орноштуруу боюнча чаралар көрүлөт.