Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерин көзөмөлдөөдө.
Көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, жээктердин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө, ошондой эле дарыянын нугу өзгөрүп кетүүсүнүн алдын алуу.
Объект Чүй региондук башкармалыгынын курулуп жаткан объектилеринин реестрине киргизилген. Анда шаар куруу жана архитектура жаатындагы талаптардын сакталышы жана аткарылып жаткан иштердин сапаты туруктуу көзөмөлдөнүүдө.
Учурда Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы тиешелүү тилкелерде жээктерди бекемдөө иштери аяктоо алдында турат. Ал эми Сокулук районунда иштер күчөтүлгөн тартипте улантылууда.