Бишкек шаарында "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун тургуну, 1977-жылы туулган Авазбек Дооронов буга чейин дагы 2 жолу Кылмыш кодексинин 299-беренеси (диний чагымчылыкты күчөтүү) менен соттолгону анык болду. Ал эми 2000-жылдын башынан бери "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун тизмесинде турган. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.