Биз социалдык тармакта

MEGA Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү аймактарда байланышты камсыз кылат

Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөт, ага дүйнөнүн ар тарабынан келген катышуучулар жана коноктор катышат. MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору оюндардын негизги жерлеринде жана негизги саякат маршруттарында туруктуу мобилдик байланышты жана ылдам интернетти камсыз кылат.

Иш-чаралардын негизги борборлорунун бири — Кырчын жайлоосунда этношаарча курулуп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көпчүлүк иш-чаралары өтөт. Бул жерде MEGA туруктуу мобилдик байланышты камсыз кылып, оюндардын катышуучуларына, конокторуна жана өлкөбүздүн тургундарына дайыма байланышта болууга, мобилдик интернетти колдонууга жана алган таасирлерин жакындары жана достору менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.

MEGA байланышы Ысык-Көлдү айланып өткөн унаа жолунун боюнда да жеткиликтүү. Бул күндөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары жана коноктору аталган каттам боюнча көп катташат. Маршруттагы туруктуу байланыш навигацияны колдонууга, жакындары жана тез жардам кызматтары менен ыкчам байланышууга, ошондой эле жолдо онлайн режимде болууга мүмкүнчүлүк берет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан негизги жайларда жана каттамдарда тармакты өнүктүрүү — эл аралык иш-чара учурунда байланышты камсыз кылуу боюнча MEGAнын масштабдуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат. Оператор бул күндөрү адамдар көп топтолгон жана тармакка болгон жүк көбөйгөн аймактарда мобилдик инфраструктураны күчөтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда бул иш өзгөчө маанилүү: мобилдик байланыш иш-чаранын кеңири инфраструктурасынын маанилүү бөлүгүнө айланып, адамдарга баарлашууга, багыт алууга, маалымат алууга жана Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларды дүйнө менен бөлүшүүгө жардам берет.

MEGA бүгүнкү күндө бүтүндөй өлкөнүн жана Кыргызстанга келген коноктордун көңүлү бурулуп жаткан аймактарда байланышты камсыз кылууну улантууда.

КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан