Бишкекте чыгармачыл жаштар тобу “Камыштагы театр” деген аталыштагы көчө спектаклин тартуулашты (Фоторепортаж)

1-февралда Бишкектин Жаш гвардия бульвары менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Жаштар” сейил багында  “Камыштагы театр” деген аталыштагы көчө спектакли көрүүчүлөргө сунушталды. 

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарга тарбиялык мааниси бар монологдор айтылды. Спектаклдин соңунда уюштуруучулар КРнын Маданият министрлигинин дарегине өздөрүнүн көз караштарын айтып, талаптарын билдиришти.

Көчө спектаклинин 18 катышуучусу актёрдук өнөр менен чектелбестен, бийлеп, ырдап, музыкалык аспапта ойноо менен таланттарынын ар түрдүүлүгүн көрсөтө алышты.

Иш-чаранын уюштуруучусу, сценарийдин автору жана башкы каармандардын биринин ролун жараткан Марат Райымкуловдун айтымында, бүгүнкү театралдык көрүнүштүн өзгөчөлүгү - анын орто кылымдагы театрларга окшоштугунда. 

“Спектаклдин сюжетине көп маани берилген эмес. Биз көрүнүштүн кандай форматта өтөрүнө басым жасадык. Көрүүчү менен эриш-аркак болуу жана импровизация биз үчүн өтө маанилүү принциптердин бири болгон”,- деди Райымкулов.

Спектакль соңуна көрүүчүлөргө ысык тамак берилди. Ошондой эле КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине петицияга кол топтоо жүрдү. Анда жаштардын уюмдары жана демилгечилердин муктаждыгына жараша аларга имарат бөлүп берүү талабы да жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nur-patriot
2014-02-02 13:46:26
1 февралда өтө суук болгон. Кыштын чилде суугунда мен үйдө жылуу одеяла жамынып ысык кофе ичип отурсам булар болсо көчө театрын көрсөтүп жатыптыр. Келесоолор бу же азаматтар бы айтыш кыйын, себеби талабы болгону мекеме алуу экен
0
Ширин Турдакунова
2014-02-04 14:21:34
Кызыктуу болгон окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан