VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында Баткенден жолго чыккан "Биримдик кербени" Балыкчы шаарына жетти.
Уюштуруучулар билдиргендей, Балыкчыга Кыргызстандагы 40 райондон чыккан ар бир көч келип, көөкөрлөргө куюлган суулар бир идишке куюлду. Эми бул суулар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган башкы локацияларга таратылат.
Долбоордун негизги максаты – аймактарды бириктирүү, улуттук каада-салттарды, маданиятты жана ата-бабалардан калган мурастарды сактоо жана жайылтуу.