Бүгүн, 28-августта Бишкектин борбордук бөлүгүндө электросамокат колдонууга убактылуу чектөө киргизилди.
Мэриянын маалыматына караганда, чектөө ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу 2-сентябрга чейин күчүндө болот.
Чектөө Айтматов проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин жана Фрунзе көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки аймакка тиешелүү.
Жарандарга убактылуу талаптарды эске алып, коопсуздук эрежелерин сактоо эскертилди.