Дүйнөгө белгилүү боксчу Дмитрий Бивол Кыргызстандагы сапарындагы жаңы видеосу менен бөлүштү.
Кадрларда Сары-Челектин керемет жаратылышы, бийик тоолор жана ат менен болгон өзгөчө достугу чагылдырылган. Бивол Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жаратылышка суктанганын видеосу аркылуу көрсөттү.
Спортчунун сапарындагы бул өзгөчө кадрлар социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.