Биз социалдык тармакта

Алматы аэропортунда учак күйүп, кызматкер жабыркады

Бүгүн, 28-августта Алматы эл аралык аэропортунда "FlyArystan" авиакомпаниясына таандык учакта техникалык тейлөө учурунда өрт чыкты. Өрттү аэропорттун тез жардам кызматтары ыкчам өчүрүшкөндүгүн казак басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, окуя маалында учакта жүргүнчүлөр жана экипаж болгон эмес. Өрттөн улам "Air Astana" тобунун бир кызматкери жаракат алып, ага медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ооруканадан үйүнө жиберилген.

Учурда учак убактылуу пайдалануудан чыгарылып, анын канчалык деңгээлде жабыркаганы жана оңдоо иштеринин көлөмү аныкталууда. Окуянын себептери иликтенип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан