Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу курулуш иштерине убактылуу чектөө киргизилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына ылайык, 30-августтан тартып үч күн бою шаарда курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жана оор атайын техникаларды колдонууга чектөө коюлат.
Бул чара эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан учурда шаардагы коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылууга, ошондой эле транспорттук, инженердик жана энергетикалык инфраструктуралардын үзгүлтүксүз иштешине шарт түзүүгө багытталган.
Мындан тышкары, курулуш компанияларына инженердик жана энергетикалык коммуникацияларга зыян келтирбөө жана коопсуздук талаптарын так сактоо эскертилди.