Кечээ, 28-августта Ош шаарындагы Алымбек датка этнографиялык борборунда заманбап музыкалык фонтан салтанаттуу түрдө ишке берилди.
Мэриядан билдиргендей, узундугу 50 метрди түзгөн фонтан жарык жана музыкалык эффекттер менен жабдылып, суунун агымы музыкага жараша кыймылдайт. Анын айланасы көрктөндүрүлүп, эс алуучулар үчүн отургучтар да орнотулган.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар, шаар башчысы Жанар Акаев жана тургундар катышты.