Шаар бийлигинин маалымат кызматы билдиргендей, эс алуу жайы жашылдандырылып, гүлдөр отургузулуп, декоративдүү жарыктандыруулар жана эстетикалык инсталляциялар орнотулган. Парк шаар тургундары жана коноктору үчүн үй-бүлөлүк эс алууга ыңгайлуу коомдук жай болуп калды.
Сейил бактын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев катышты.
Калаа башчысы Ошто коомдук жайларды көбөйтүү жана шаарды көрктөндүрүү иштери мындан ары да улантыларын билдирди.