Биз социалдык тармакта

Бишкекте жатаканада чыр чыгарган 20 чет өлкөлүк кармалды (видео)

Бишкектин Октябрь районунда чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда чыр-чатак чыккан. Бул тууралуу милицияга кечээ, 28-августта кечки саат 22:10 чамасында маалымат түшкөн.

Окуя боюнча милиция кызматкерлери 20 чет өлкөлүк жаранды аныктап, райондук башкармалыкка жеткиришкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аларга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилды. Мындан тышкары, аларды Кыргызстандын аймагынан чыгаруу маселеси каралууда.

Учурда окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.

Бишкекте жатаканада чыр чыгарган 20 чет өлкөлүк кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан