Бүгүн, 29-августта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери сапка тизилди. Бул тууралуу ИИМ видео жарыялады.
Маалым болгондой, алар ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коомдук тартипти сактап, жарандардын жана чет элдик коноктордун коопсуздугун камсыз кылышат. Кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө даяр.
Эскерте кетсек, күч түзүмдөрүнүн даярдыгын президент Садыр Жапаров текшерип кетти.