Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу курулуш иштерине убактылуу чектөө киргизилди.
Курулуш министрлиги билдиргендей, чектөө 30-августтан тартып үч күнгө күчүндө болуп, бул аралыкта курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жана оор атайын техникаларды колдонууга убактылуу тыюу салынат.
Мындай чаралар эл аралык иш-чаралар учурунда шаардагы коопсуздукту, коомдук тартипти жана транспорттук-инженердик инфраструктуранын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу максатында кабыл алынды.