Кыргызстандык балбан Гүлнура Таштанбекова Польшада өткөн эл аралык күрөш турниринде коло медаль тагынды.
Ал 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, төрт беттеш өткөрдү. Анын үчөөндө жеңишке жетишти. Жыйынтыгында Гүлнура 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.
Буга чейин аталган турнирде Мээрим Жуманазарова алтын, ал эми Сезим Жуманазарова коло медаль уткан.