Биз социалдык тармакта

Венгриянын көк бөрү боюнча курамасы Кыргызстанга келди (видео)

Венгриянын көк бөрү боюнча курама командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Уюштуруучулар билдиргендей, команданын курамында 14 оюнчу бар. Спортчулар менен бирге Венгриянын Көк бөрү федерациясынын президенти Биро Андраш Жолт да Бишкекке келди.

Команда өлкөгө келгенден кийин дароо Чолпон-Ата шаарына жөнөп, алдыдагы мелдештерге даярдык көрө баштады.

Венгриялык көк бөрүчүлөр 31-августта Бишкекке келип, "Бишкек-Аренада" өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Венгриянын көк бөрү боюнча курама командасы Кыргызстанга келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан