Бүгүн, 29-августта Куралдуу күчтөрүнө караштуу Абадан коргонуу күчтөрүнүн 97632 аскер бөлүгүнүн мөөнөттүү аскер кызматкери жана грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Асан Жанышов Бишкек шаарына кайтып келди.
Коргоо министрлигинен билдиргендей, аны "Манас" эл аралык аэропортунан өзү кызмат өтөп жаткан аскер бөлүгүнүн офицерлери, сержанттары, жоокерлери, ошондой эле машыктыруучулар жылуу тосуп алышты.
Эске салсак, ал Варшавада өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль тагынган.