Бүгүн, 30-августта Бишкектин "Мадина" базарында контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды. Окуя болгон жерде ӨКМ министри Канатбек Чыныбаев өрттү өчүрүү иштерин координациялоодо.
Өрттүн себептери жана келтирилген чыгым тууралуу маалымат такталууда.