Дүйнөгө белгилүү ырчы Николь Шерзингер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде өнөр көрсөтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Николь "The Pussycat Dolls" тобунун солисти катары таанылып, дүйнөлүк хиттерди аткарган. Концерттик программада кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздары да катышат.
Ачылыш аземи 31-августта "Бишкек Аренада" өтөт.