Кытайлык кыргыз блогер кыз Риза үлпөт көйнөгүн кийип, ат минип тартылган видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Тасмадан аны бир топ жигиттер жана сиңдиси Айсанат коштоп жүргөнүн көрүүгө болот. Риза видеонун алдына эч кандай билдирүү же түшүндүрмө калтырган эмес.
Эске салсак, жакында эле Кыргызстандык жигит Ризага сөйкө салган.
Блогердин жаңы видеосун көргөн катталуучулары аны куттуктап, жакшы каалоолорун жазып жатышат.