Биз социалдык тармакта

Айбек Жунушалиев "Мадина" базарындагы соодагерлер менен жолукту (видео)

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өрт чыккан "Мадина" базарына барып, соодагерлер менен жолугушту.

Мэриядан билдиргендей, мэр учурдагы негизги милдет өрттү толук өчүрүп, адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгиледи. Ал соодагерлерди куткаруучулардын ишине тоскоолдук кылбоого чакырды.

Жунушалиев жабыркагандар аныкталса, аларга жардам көрсөтүлөрүн билдирип, "эч кимди жардамсыз калтырбайбыз" деп айтты.

Эскерте кетсек, өрттү жоюу иштерине шаардык суу ташуучу атайын техникалар жана башка тиешелүү кызматтар тартылды. Өрт чектөөгө алынды. Тилсиз жоо 1000 чарчы метрды каптап, эки куткаруучу жабыркады.

Айбек Жунушалиев "Мадина" базарындагы соодагерлер менен жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан