Биз социалдык тармакта

Көчмөндөр оюндарында мамлекеттик тууну Азисхан Мусабек уулу көтөрүп чыгат (видео)

Бүгүн, 30-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде мамлекеттик тууну көтөрүп чыгуу милдети улуттук кыргыз күрөш боюнча курама команданын мүчөсү, дүйнө жана эл аралык мелдештердин көп жолку чемпиону, кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Азисхан Мусабек уулуна тапшырылды.
Дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, иш-чарага катышкан мекеменин директору Урмат Асанбаев спортчуларга алдыдагы мелдештерде чоң ийгиликтерди каалады.
Мусабек уулу Азисхан 1994-жылы туулган. Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дүйнөнүн 5 жолку чемпиону, кыргыз күрөшү боюнча 3 жолку дүйнө чемпиону, бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, алыш бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, алыш бел боо күрөшү боюнча Азиянын 2 жолку чемпиону.
Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августттан 6-сентябрь күндөрү Кыргызстанда өтөт.
Көчмөндөр оюндарында мамлекеттик тууну Азисхан Мусабек уулу көтөрүп чыгат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан