Биз социалдык тармакта

"Мадина" базарындагы өрт кандай башталган? Милиция видео жарыялады (видео)

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаардык милициясы "Мадина" базарындагы өрттүн башталышы тартылган видеону жарыялады.

Маалыматка караганда, өрт чыккан эки контейнердин эшиги 29-августта кечинде жабылган. Биринчиси 18:38де, экинчиси 18:41де жабылып, андан кийин соода жүргүзүлгөн эмес. 30-августта таңкы 08:31де контейнерлерден өрт чыккан.

Видеокөзөмөл жазууларын текшерүүдө контейнерлер жабылгандан кийин аларга жакындаган бөтөн адамдар катталбаганы аныкталды.

Учурда өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо үчүн экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин ИИМ башчысы Улан Ниязбеков өрт электр чубалгыларынан келип чыгышы мүмкүндүгүн билдирген. Учурда өрт чектөөгө алынды.

"Мадина" базарындагы өрт кандай башталган? Милиция видео жарыялады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан