Биз социалдык тармакта

Адылбек Касымалиев Индиянын премьер-министри Нарендра Модини тосуп алды

Бүгүн, 30-августта Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.

Президенттин администрациясы белгилегендей, ардактуу конокту “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Моди ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Индиянын Премьер-министрине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусу уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик жылына туш келип отурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан