Бүгүн, 31-августта Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кабарлады.
Маалымдалгандай, Путин Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышуу үчүн келет. Ал Бишкекте 2 күн болот.
Ошондой эле Путин сапардын алкагында Кыргызстан, Кытай, Индия, Казакстан, Иран, Тажикстан, Түркия, Армения жана Монголиянын лидерлери менен жолугушат.