Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин эгемендүүлүк күнү менен куттукташты.
Алар Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүп, эл аралык аброю артканын белгилешти. Ал эми кыргызстандыктарды өлкө эгемендүүлүгү менен куттукташып, тынчтыкты, бакубат жашоону каалашты.