Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, БУУнун башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун жетекчиси Каха Имнадзе, “Борбордук Азия - Кытай” форматынын Башкы катчысы Сунь Вэй, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дунъюй өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин эгемендүүлүк күнү менен куттукташты.
Алар Кыргызстандын эл аралык аброю өсүп жатканын, ийгиликтерге жетишип жатканын белгилешти.