Айтылуу төкмө акын, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин уулу Эрулан "Жан секет" чыгармасын комуздун коштосунда аткарды. Мындай видеону ал соцтармактагы баракчасынан бөлүштү.
Интернет колдонуучулары Эруландын чыгармачылыгына ийгилик каалап, жылуу пикирлерин жазышууда.
Эске салсак, Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 42 жашында каза болгон.