Өлкө башчы Садыр Жапаров Ынтымак Ордодо өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Кытай лидери Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө эки өлкөнүн дипломатиялык алакасы 7-кылымда эле башталганын эске салды.
"Биздин элдердин ортосундагы биринчи дирломатиялык байланыш 7-кылымда болгону тастыкталган. Бул биздин саясат, экономика, маданият жаатындагы байланышыбыздын башталганынын күбөсү",- деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, тарыхый булактардагы маалыматтар боюнча, 632-жылы Энесай кыргыздарына Кытайдын Тан династиясынын атынан элчи барган. 648-жылы Кыргыз кагандыгынын элчилери Кытай барышкан.