VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин дагы бир расмий коногу белгилүү ырчы Роза Зергерли болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Ырчы иш-чаранын чет элдик конокторуна жана кыргызстандыктарга өз өнөрүн тартуулайт.
Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи "Бишкек Аренада" өтөт.