Кыргызстандык ырчы НурЧолпон VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземиндеги өнөр көрсөтүүсү үчүн гонорардан баш тартканын билдирди.
Ал бул тууралуу кечээ, 30-августта өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Ырчынын айтымында, ал гонорардан баш тарткан жалгыз артист эмес. Нур Чолпон мындай маанилүү иш-чарада ар бир адам мамлекетин колдоого салым кошушу керектигин белгилеген.
Бклгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи бүгүн, 31-августта Бишкектеги "Бишкек Аренада" өтөт.