Бүгүн, 31-августта Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта аны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алганы айтылат. Эмомали Рахмон ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, ШКУ плюс форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышмакчы.
Ага Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилген.