Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов калаа тургундарын өлкөнүн эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
"Кымбаттуу караколдуктар! Эгемендүүлүк — элибиздин баа жеткис байлыгы. Бул — эркиндик, ынтымак жана өз мекенибизге болгон сүйүү. Аны көздүн карегиндей сактоо — ар бирибиздин милдетибиз. Каракол — тарыхы бай, табияты кооз, эли меймандос шаар.
Бүгүн шаарыбыз өсүп, жаңыланып жатат. Бул иштер сиздердин колдооңуздар менен ишке ашууда. Ал үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Элибиз эсен, жерибиз бүтүн болсун. Ар үйдө тынчтык, ден соолук жана береке болсун! Кыргызстаныбыз өнүгүп, Караколубуз гүлдөй берсин!" - деди ал.