Биз социалдык тармакта

"Манас" эпосу Индиянын премьер-министрине өзгөчө эмоция тартуулады (видео)

Бүгүн, 31-августта Индиянын премьер-министри Нарендра Моди социалдык тармактагы баракчасына Бишкектеги маданий жолугушуудан видео жарыялады.

Видеодон белгилүү манасчы Рысбай Исаков Индиянын премьер-министрине "Манас" эпосунан үзүндү айтып берип жатканын көрүүгө болот.

"Бишкекте кызыктуу маданий алмашуу. Манасчы Рысбай Исаков "Манас" эпосунан бир нече сапты айтып берди",- деп жазган Моди.

Белгилей кетсек, Нарендра Моди социалдык тармактагы видеолору менен буга чейин дүйнөлүк рекорд жараткан. 2026-жылдын июль айында анын Instagram баракчасына жарыялаган видеосу 24 саат ичинде 303 миллиондон ашык көрүү топтоп, платформадагы эң көп көрүлгөн Reels катары дүйнөлүк рекорд койгон.

Индиянын премьер-министри "Манас" эпосунан үзүндү укту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан