Бүгүн, 31-августта борбор калаадагы “Бишкек Арена” стадионунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтөт.
Учурда аренада иш-чаранын ачылышына кызуу даярдыктар көрүлүп жатат.
Стадионго көрүүчүлөр шаттл-автобустар менен ташылып, ордуктардан орун алышууда.
Ачылыш аземде дүйнөлүк жана ата мекендик белгилүүлөр өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Эл аралык иш-чараны 100дөгөн журналисттер чагылдырууда. Быйыл Көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө.