Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугуп, кыргыз-монгол мамилелерин мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Тараптар соода, инвестиция, транспорт-логистика, экология жана эл аралык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле эки өлкөнүн тарыхый, маданий жана көчмөн цивилизациясына байланышкан жалпы баалуулуктары белгиленди.