Ирандын президенти Масуд Пезешкиан ага VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын талисманы Батай аттуу илбирс оюнчукту белек кылган жаш кыргызстандыктарга 100 евродон берди. Аталган видео интернет желесине тарады.
Эскерте кетсек, бул жумшак оюнчук эл аралык иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келген ар бир өлкөнүн башчыларына берилүүдө.