Бишкек Аренада VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин чагылдыруу үчүн жүздөгөн журналист иш алып барууда.
SUPER.KG порталы чет өлкөлүк журналисттерди кепке тартып, иш-чара тууралуу оюн уктук.
Алардын айтымында, эл аралык иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулган.
Аренада ата мекендик белгилүү ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулап баштады.
Бул жылы Көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышат. 40тан ашык спорттук оюндар боюнча мелдештер өтөт.